Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

Иран: Зариф кызматтан кетмей болду


Мохаммад Жавад.
Мохаммад Жавад.

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф кызматынан кетерин жарыялады. Анын бул кадамы Тегеран менен Батыш өлкөлөрү түзгөн атомдук программа боюнча келишимдин тагдырын ого бетер арсар абалга кептеши ыктымал.

Ирандын президенти Хасан Роухани тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зарифтин кызматтан кетүү тууралуу арызын кабыл алдыбы же жокпу белгисиз.

Маалымат каражаттары Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнө таянуу менен Зарифтин отставкасы четке кагылганын жазып чыгышкан. Бирок Роуханинин чечими расмий жарыялана элек.

"Азаттыктын" иран кызматы буга чейин Роухани Зарифке кызматы үчүн ыраазычылык билдиргенин кабарлаган.

27-февралда Мухаммед Зариф БУУнун Адам укугу боюнча комитетинин жыйынына катышуусу керек болчу. Бирок сапар токтотулган.

Роухани Зариф Тегерандын эң чоң душманы - «АКШга каршы күрөштө алдыңкы катарда» болуп келгенин белгиледи. Бул тууралуу ИРНА агенттиги 26-февралда кабарлады.

Дүйшөмбүнүн кечинде «Инстаграмдагы» постунда Зариф кызматын мындан ары аткара албай турганын жазып, бул үчүн кечирим сурады. Башка түшүндүрмө берилген жок.

«​Ирандын урматтуу жана ардактуу элине соңку 67 ай үчүн ыраазычылык айтам. Мындан ары милдеттеримди аткара албайм жана кызматта турган кезимде кетирген кемчиликтерим үчүн кечирим сурайм. Ирандын элине жана расмий адамдарына рахмат», - деп жазды ал.

​Зариф Ислам Республикасынын тышкы мекемесинин башына 2013-жылдын август айында дайындалган. Саясатчы Тегеран менен дүйнөлүк беш державанын өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүсүндө өз өлкөсүнүн делегациясын жетектеп келген.

Татаал сүйлөшүүлөрдөн кийин 2015-жылдын жайында Иран жана экинчи тараптан АКШ, Франция, Британия, Орусия, Кытай, Германия кол койгон келишимге ылайык, Тегеран атомдук программасын токтотууга тийиш эле. Жооп чара катары эл аралык экономикалык санкцияларды жумшартуу каралган.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) «Ислам Республикасы шарттарды аткарып жатат» деп чыгарган тыянактарга карабай, макулдашуу үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деген коркунуч сакталып турат.

Өткөн жылдын май айында АКШ президенти Дональд Трамп Иран «терроризмди колдоп каржылаган дүйнөдөгү алдыңкы өлкө» экенин, анын администрациясы буга каршы туруш үчүн чечкиндүү аракет көргөнүн билдирип, Вашингтон келишимден чыгарын жарыялаган.

АКШ келишимден чыгып кетенден кийин Зарифти өз өлкөсүндөгү ашынган консерваторлор катуу сынга алышкан.

Ал эми документке кол койгон калган мамлекеттер Вашингтондун кысымына карабай келишимди сактап калууга аракет кылып жатышат.

Зарифке чейин Тышкы иштер министрлигин Али Акбар Салехи жетектечү. Ал ушу тапта Ирандын атомдук уюмун башкарат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG