Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 08:51

Иран жаңы аскер кемесин көргөздү


Ирандын “Фатих” аттуу 600 тонналык субмаринасы.

15-17-февралда өткөн Мюнхендеги коопсуздук боюнча конференцияда Иран менен АКШ кайрадан кайым айтышты.

Ал арада Иран суу алдында жүрүүчү, атамекендик өндүрүштөгү аскер кемесин жасап чыкканын жарыялады. Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттарынын 18-февралда кабарлаганы боюнча, “Фатих” аттуу 600 тонналык кеме канаттуу ракеталарды, аскер-деңиз миналарын алып жүрө алат жана 2000 чакырымга чейинки аралыкты бутага алганга жөндөмдүү. Бул анын ракеталары Израилдин жана аймактагы АКШнын аскер объектилерине жетиши мүмкүн дегенди туюндурат.

“Фатих” аттуу 600 тонналык кемени тааныштыруу учуру.
“Фатих” аттуу 600 тонналык кемени тааныштыруу учуру.

Перс булуңундагы порт шаар - Бендер-Аббастагы жогорку аскер адамдары жана министрлер катышкан салтанатта Ирандын президенти Хасан Роухани “Биздин душмандын Иранга каршы басымы жана санкциялары биздин өнүгүүбүзгө түрткү берди” деди.

Ал эми 15-17-февралда өткөн коопсуздук боюнча Мюнхендеги конференцияда АКШ Европа Биримдигин Вашингтондун Иранга карата бекем позициясын жана санкцияларын колдоого чакырды. Тегеран болсо "Европа мамлекеттерине басым кылууда" деп АКШны айыптап жатат.

Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф АКШ Европа мамлекеттеринен Тегеран менен түзүлгөн өзөктүк келишимден чыгууну талап кылганын сындады. 17-февралда Мюнхендеги коопсуздук боюнча эл аралык конференцияда сүйлөгөн сөзүндө Зариф “дал ушул жерде, Мюнхенде, Пенс мырза Европа өз коопсуздугуна шек келтирип, милдеттенмелерин бузуп, АКШга кошулушун бой көтөрүү менен талап кылды” деди:

Жавад Зариф.
Жавад Зариф.

- Менимче, Кошмо Штаттардын администрациясы режимдерди алмаштыргандан башка эч нерсе кылбайт. Аларда бир айдан кийин бийлик алмашат деген куру кыял болбогондо Тегеран менен түзүлгөн өзөктүк келишимден чыкмак эмес. Бул жерде мен Кошмо Штаттар, алардын администрациясы туура эмес адамдарды угарын, аларда Иран акыркы 40 жылда жок болот деген куру кыял жашап келе жатканын айтып жатам. АКШда жети администрация алмашты, ал эми биз дагы эле бул жердебиз. Менимче, биз дагы узак болобуз. Билесиздерби, бизде деген империя болгон...

Германия, Франция жана Улуу Британия Ирандын өзөктүк программасы боюнча 2015-жылы түзүлгөн келишимден АКШ былтыр чыгып кеткенине карабастан, Кытай жана Орусия менен бирге аны сактап калууга аракет кылып келе жатышат.

АКШнын вице-президенти Майк Пенс Жавад Зарифтен бир күн мурда Мюнхенде өткөн коопсуздук конференциясында сүйлөп жатып, Европа Биримдигин Кошмо Штаттардын Иранга карата бекем позициясын колдоого чакырган.

Майк Пенс.
Майк Пенс.

- Бардыгы аракеттене турган мезгил келди. Биздин европалык өнөктөштөргө АКШнын санкцияларын бузуп, колу канга малынган, революциялык режимди токтотуу мезгили келди. Европалык өнөктөштөрүбүзгө бизди, Иран элин, аймактагы союздаштарыбызды жана досторубузду колдой турган учуру келди. Европадагы өнөктөштөрүбүздү АКШнын Иранга карата санкцияларын үзгүлтүккө учуратуу аракеттерин токтотууга, келишимден чыгып, Иранды экономикалык жана дипломатиялык изоляцияда калтыруу демилгебизге кошулууга чакырабыз.

Германия, Франция жана Улуу Британия 31-январда Иран боюнча АКШнын санкцияларын айланып өтүүчү атайын финансылык механизмди ишке киргизген. Жаңы чаралар европалык фирмалар менен Иран компанияларынын ортосунда акчалай түз операцияларды жүргүзбөстөн, бартер же товар алмашуу түрүндө соода кылууга жол ачат. Бирок Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф Германия, Франция жана Улуу Британиянын бул аракети жетишсиз деп эсептейт.

Ал эми Европа Биримдиги Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимди аткаруу аракетин уланта бере турганын уюмдун тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини Мюнхенде коопсуздук конференциясында сүйлөп жатып билдирди:

Федерика Могери менен Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф.
Федерика Могери менен Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф.

- Өзөктүк келишимге карата басым былтыр абдан катуу болду. Менимче, эгер Европа Биримдигинин үч мүчөсү - Франция, Улуу Британия жана Германия болбосо АКШ чыгып кеткенден кийин аталган документ күчүн жоготуп коймок. Евробиримдик Иран менен келишимдин толук ишке ашуусу үчүн аракетин уланта берет.

Алты держава менен Ирандын ортосунда түзүлгөн келишимден чыгууда президент Дональд Трамп Тегеран баллистикалык ракеталарды сыноо, террордук топторду колдоо менен ал келишимдин «маңызын» бузуп жатканын жүйө келтирген. Вашингтон өз санкцияларын калыбына келтиргенден кийин европалык бир катар компаниялар Ирандагы ишин токтоткон болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG