Шейшембиде АКШ Сенатынын комитетинде өлкөдөгү ар кандай оорулардын күч алышына байланыштуу талкуу өттү. Ага катышкан 18 жаштагы Итан Линденбергер «эмдөөгө каршы чыгып жаткан Интернеттеги ар кандай топтор - жалган маалыматтын негизги булагы», деп айтты.
«Эмдөө өмүрдү сактап калат» деген темадагы талкуулар АКШнын төрт штатында, анын ичинде Нью-Йоркто кызамык оорусу күч алган маалда өтүп жатат. Илдет Кошмо Штаттарда 2000-жылдары эле толугу менен жоголду деп эсептелчү. Бул өлкөнүн 17 штатында мыйзам ата-энелерге балдарын эмдетүүдөн баш тартууга мүмкүнчүлүк берет.
Шейшембиде «Washington Post» баш болгон бир катар басылмалар америкалык жана европалык медиктердин иликтөөлөрүнө таянып, эмдөөнүн аутизм илдети менен эч кандай байланышы жок экенин жазып чыгышты.