Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:53

Кытайдын "Huawei" компаниясы АКШ өкмөтүн сотко берди


Бээжиндеги «Huawei» компаниясынын дүкөнү. 22-декабрь, 2018-жыл.
Бээжиндеги «Huawei» компаниясынын дүкөнү. 22-декабрь, 2018-жыл.

Кытайлык компания АКШдагы мекемелерге "Huawei Technologies" чыгарган жабдуулар менен алардын кызматына тыюу салган мыйзамга каршы сотко кайрылды.

Телекоммуникация жабдууларын чыгарган компания Кошмо Штаттардагы анын ишмердигин чектеген мыйзамга каршы АКШ өкмөтүн Техастын федералдык сотуна бергенин бейшембиде ырастады.

Компаниянын Башкаруучу кеңешинин төрагасы Го Пин «АКШ Конгресси "Huawei" компаниясынын жабдууларына каршы чектөөлөрдү киргизип жатканда эч кандай далил көрсөтө алган жок. Биз мындай укуктук кадамга акыркы арга катары барып жатабыз», - деп билдирди.

«Мындай чектөө мыйзамсыз гана эмес, "Huawei" команиясынын чыныгы атаандаштыкка катышуусуна бөгөт коёт. Анын зыяны америкалык кардарларга гана тиет» деп кошумчалады.

Быйыл 28-январда Вашингтон «Huawei» компаниясына, анын АКШдагы бир нече бөлүмүнө жана каржы директору Мэн Ваньчжоуга бир катар айыптарды койду.

"Huawei" компаниясын Кытай армиясынын мурдагы инженери Рен Чжэнфэй 1987-жылы негиздеген. 2017-жылы компаниянын соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 92,5 миллиард долларга жетип, таза кирешеси 7,2 миллиард долларды түзгөн.

Бул компания Кыргызстанда “Таза коом” долбоорунун алкагында ишке ашпай калган келишими менен таанылган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG