Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:02

Эрдоган: Түркия Орусиядан С-400 комплексин сатып алуудан баш тартпайт


Орусиялык С-400 зениттик-ракеталык комплекси.
Орусиялык С-400 зениттик-ракеталык комплекси.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өз өлкөсү АКШнын нааразылыгына карабай, Орусиядан чыгарылган С-400 зениттик-ракеталык комплекстерди сатып алуудан баш тартпасын, тиешелүү келишимден чыкпай турганын жарыялады.

- С-400 боюнча айтсак, келишим түзүлдү. Андан кайтуу тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес. Балким, биз С-400төн кийин С-500гө өтөбүз, - деди Эрдоган 6-мартта түркиялык "24TV" телеканалына.

5-мартта АКШнын Мамлекеттик департаменти Түркияны Орусиянын абадан коргонуу системасын сатып алуунун кесепети оор болорун эскерткен. Эгер келишим иш жүзүнө ашса, Вашингтон жаңы үлгүдөгү F-35 аскердик учактар боюнча программасына Түркиянын катышуусун кайра карап чыгуу ыктымалдыгын айткан.

Буга чейин АКШ С-400 комплекстери НАТОго мүчө мамлекеттердин системаларына туура келбей турганын, Орусия альянстын биримдигин бузууга аракеттениши мүмкүндүгүн билдирип келген. Мындан тышкары Вашингтон Түркияга "Пэтриот" ракетага каршы комплексин берүү боюнча сунушун артка алышы мүмкүндүгүн маалымдаган.

Анкара Москвадан С-400 комплексин 2,5 миллиард долларга сатып алууну көздөп жатканын буга чейин орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышкан.

XS
SM
MD
LG