Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Пакистан: медреселер көзөмөлгө алынып, радикалдар кармалууда


Индиянын чек арачысы Пакистан менен чектеш аймакта. 26-февраль, 2019-жыл.
Индиянын чек арачысы Пакистан менен чектеш аймакта. 26-февраль, 2019-жыл.

Пакистан радикал исламчыл жоочуларга каршы күрөштө 100дөн ашык кишини кармап, 182 медресени өз көзөмөлүнө алганын билдирди.

Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин 7-марттагы билдирүүсүндө айтылат. Маалыматка караганда, полиция жалпы 121 адамды кармаган.

Быйыл 14-февралда Пакистандагы «Жаиш-е-Мухаммад» тобу Кашмирдин Индия башкарган бөлүгүндө кеминде 41 полиция кызматкеринин өмүрүн алган жардыруу уюштургандан кийин эл аралык коомчулук Исламабадды сынга алып, жоочуларга каршы күрөшүүгө чакырган.

Бирок Пакистандын Ички иштер министрлиги акыркы аракеттерди эл аралык талапка жооп эмес, көптөн бери пландалып жүргөн операция деп сыпаттады.

Өлкөдө жакыр үй-бүлөлөрдүн миллиондогон балдарына билим алууга жападан-жалгыз мүмкүнчүлүк берген медреселер жаштарды радикалдаштырат деген айыптар айтылып келет.

«Жаиш-е-Мухаммад» сыяктуу экстремисттик топтордун көбүнүн медреселери бар экени маалымдалган. Өзүн кайрымдуулук уюм деп атаган "Жамаат-уд-Дава" тобу Пакистандын аймагында 300гө чукул медресеге ээ экени кабарланган. Аталган эки топ тең АКШда "террордук уюм" деп табылган.

XS
SM
MD
LG