Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:14

Венесуэланын жарымы электр энергиясыз калды


Венесуэланын борбору Каракастын электр энергиясы өчкөндөн кийинки көрүнүшү.
Венесуэланын борбору Каракастын электр энергиясы өчкөндөн кийинки көрүнүшү.

Венесуэланын 23 штатынын кеминде сегизинде жана башкалаа Каракаста электр жарыгы өчүрүлгөнүн жергиликтүү "El Nacional" гезити кабарлады.

Маалыматка караганда, Каракаста метро иштебей турат. Шаардын аэропортунда да өчүрүүлөр болгонун "Bloomberg" билдирди. Агенттиктин билдиришинче, жарык республиканын ондон ашык штатында жок. 

Венесуэланын маалымат министри Хорхе Родригес жарыктын өчүшүн Боливар штатында жайгашкан дүйнөдөгү эң чоң Гури гидроэлектрстанциясына киберчабуул болгону менен түшүндүрдү. 

Легитимдүүлүгү талаш жараткан президент Николас Мадуро бул үчүн АКШны айыптады. "Bloomberg" агенттигинин талдоочулары Венесуэлада электр энергиясы байма-бай өчүп жатканын, мындай кризис инфраструктуранын начарлашына байланыштуу экенин айтышты.   

Латын Америкасындагы бул өлкөдө азыр кош бийлик өкүм сүрүп жатат. Армиянын жетекчилиги президент Николас Мадурону колдойт.

Өзүн президент деп жарыялаган парламент спикери, оппозиция лидери Хуан Гуайдонун бийлигин АКШ, Канада, Евробиримдик баш болгон ондогон мамлекеттер тааныган. Орусия, Кытай жана башка бир катар өлкөлөр Николас Мадурону мыйзамдуу президент деп эсептешет.

 

XS
SM
MD
LG