Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:34

Чеченстанда прокурор Титиевди эркинен ажыратууну суранды


Укук коргоочу Оюб Титиев Грозныйдагы сотто. 6-март, 2018-жыл.
Укук коргоочу Оюб Титиев Грозныйдагы сотто. 6-март, 2018-жыл.

«Эл аралык мунапыс» уюму чеченстандык Оюб Титиевге коюлган айыпты «сот адилеттигине шек келтирет» деп баалап, укук коргоочу «жалган жалаа» менен жазага тартылып жатканын билдирди.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан уюм мындай билдирүүсүн 11-мартта Чеченстанда Титиевдин үстүнөн башталган сотту утурлай чыгарды.

Титиевдин адвокаты Илья Новиков прокурор Милана Байтаева Шали шаарында жүрүп жаткан сотто укук коргоочуну төрт жылга эркинен ажыратууну өтүнгөнүн кабарлады.

Орусиядагы «Мемориал» уюму сот ошондой эле Титиевге 100 миң рубль (1500 доллар) айыппул салганын билдирди.

«Мунапыс» уюмунун иликтөөчүсү Наталья Прилуцкая «соттолуучунун күнөөсүздүгүн көрсөткөн далилдерге сот көңүл бурбачудай болуп турганын» айтты.

Титиев өзүнө коюлган айыпты анын чечен согушунда дайынсыз болгондорду издөө жана кылмышка күнөөлүүлөрдү табуу аракети менен байланыштырат.

«Мемориал» уюмунун Грозныйдагы кеңсесинин башчысы Титиев «баңгизат ташыган» деген кине менен былтыр 9-январда Чеченстанда кармалган. Анын тарапкерлери ишти уюштурулган деп эсептешет. Укук коргоочу өзү анын автоунаасына атайылап баңгизат салынганын айтып, коюлган айыптарды четке каккан.

Титиевдин камалышына ондон ашуун эл аралык уюмдар, Батыш мамлекеттеринин жетекчилери тынчсыздануусун билдирип, Кремлди аны бошотууга үндөшкөн.

XS
SM
MD
LG