Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:11

«Коопсуз шаар»: адамдын жүзүн аныктаган система ишке кирди

Бишкек шаарындагы «Коопсуз шаар» долбоорунун камералары.
Бишкек шаарындагы «Коопсуз шаар» долбоорунун камералары.

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн 10 кесилишинде адамдын жүзүн аныктаган камералар иштей баштады. Бул тууралуу Маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин жетекчисинин орун басары Кубаныч Шатемиров Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин көчмө жыйынында билдирди.

Шатемиров белгилешинче, бул система сыноо режиминде турат.

Көчмө жыйында депутаттар долбоордун аткарылышы боюнча бир катар сын-пикирлерди айтышты. Жыйын Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын Мониторинг борборунда өттү.

«Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи фазасы 12-февралда тест режиминде иштей баштады. Анын алкагында Бишкектеги 10 кесилишке камера орнотулуп, 17 стационардык, 20 көчмө программалык аппарат комплекстери коюлду.

12-марттан тарта ишке ашат деп пландалган экинчи фазасы эки жума кечигип башталаарын буга чейин долбоорду ишке ашырып жаткан «Вега» концерни кабарлады. Төрт этапты камтыган долбоордо жалпы 38 кесилишке камералар коюлат. (ErN)

XS
SM
MD
LG