Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:35

Ооганстан: талибдер бир нече аскердик постторго кол салышты


Ооганстан. Желалабаддагы талибдердин кол салуусу болгон жер. 6-март, 2019-жыл.
Ооганстан. Желалабаддагы талибдердин кол салуусу болгон жер. 6-март, 2019-жыл.

Ооганстандын батышында «Талибан» кыймылынын жоочулары бир нече аскердик постко кол салып, кеминде 13 жоокердин өмүрү кыйылганы кабарланды.

Бадгис провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Жамшид Шахаби 12-мартта билдиргендей, Түркмөнстан менен чектеш аймакта болгон салгылашууда 40тан ашык согушкер жок кылынып, он беш аскер ар кандай жаракат алды. Ондон ашык жоокердин тагдыры азырынча белгисиз.

Ооганстандын Коргоо министрлигинин өкүлү Кайс Мангал талибдер 9-марттын кечинде чабуул баштагандан кийин Бала Мургаб районуна авиациялык күчтөр жиберилгенин билдирди. Анын айтымында, кагылышууда жалпы 20 жоокер каза болуп, 20 чактысы барымтага алынган.

Мангалдын билдирүүсүндө, талибдер төрт постту басып алышты, салгылашуу уланууда.

«Талибан» кыймылынын өкүлү Кари Юсуф Ахмади чабуулдар болгонун жана 28 жоокер туткунга алынганын маалымдады.

Бул кол салуулар АКШ менен «Талибандын» өкүлдөрү Катарда Ооганстандагы 18 жылга созулган жарандык согушту токтотуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жаткан учурда болду.

XS
SM
MD
LG