Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:41

Дохада АКШ менен «Талибандын» сүйлөшүүсү эки күнгө токтоду


АКШнын Ооганстандагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жооптуу чабарманы Халмай Халилзад. 8-февраль, 2019-жыл.
АКШнын Ооганстандагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жооптуу чабарманы Халмай Халилзад. 8-февраль, 2019-жыл.

АКШнын Ооганстандагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жооптуу чабарманы Халмай Халилзад ооган талибдеринин делегациясыны менен Катарда өтүп жаткан жолугушуусу 2-мартка чейин токтогонун билдирди. Сүйлөшүүгө катышкандар «ич ара талкуулар» үчүн эки күнгө тыныгуу алышканын түшүндүрүштү.

Халилзад «Твиттердеги» баракчасына «эки тарап тең эки күн бою өз ара сүйлөшүп, кайра ишембиде жолугушат» деп жазды.

Ооганстанда 18-жылга созулган согушту басуунун жолун издеген Дохадагы сүйлөшүү үч күн мурун башталган.

«Талибан» кыймылынын басма сөз катчысы Забиулла Мухажиддин билдирүүсүндө 27-февралдагы сүйлөшүүдөн кийин «эки тарап тең эмки көтөрүлчү маселелерди кеңешүүгө тыныгуу алды» деп айтылат.

Ошондой эле билдирүүдөн бул жолку «кеңейтилген» сүйлөшүүлөрдө чет элдик аскердик күчтөрдүн ооган жергесинен чыгып кетиши жана Ооганстанга башка куралдуу топтордун кирбеши үчүн кандай кепилдик бар экени талкууланганы маалым болду.

Халилзад «Твиттер» баракчасына сүйлөшүүлөр «негиздүү» жана «жемиштүү» өтүп жатканын жазды. «Биз акырындык менен бири-бирибизди түшүнүүгө жана тынчтыкка баратабыз», - деди ал.

Буга чейин Халилзад тынчтыкка келиш үчүн ооган коомун биригүүгө үндөдү. Ал жеке пикир келишпестиктерди четке коюп, 18 жылдык согушту басууга болгон аракетти жумшоого мезгил жеткенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG