Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:42

АКШ: Адам укуктары боюнча жылдык баяндама жарыяланды


Мамлекеттик катчы Майк Помпео. 21-февраль, 2019-жыл.
Мамлекеттик катчы Майк Помпео. 21-февраль, 2019-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео дүйнөдөгү адам укуктарынын абалына сереп салган жылдык баяндаманы жарыялады.

Быйылкы баяндамада негизги көңүл бурулган темалардын бири - Кытайдын Шинжаң уйгур автоном аймагындагы уйгурлардын абалы.

13-мартта Вашингтондо баяндаманын бет ачарында Помпео «адам укуктарынын бузулушуна келгенде Кытай өзүм билемдиктен тайбай турганын» айтты.

АКШ жана Батыш өлкөлөрү, укук коргоо уюмдары Кытайда уйгурлар жана башка мусулман элдери атайын лагерлерге камалып, улуттук жана диний негизде тазалоо жүрүп жатканын белгилешет.

Бээжин муну экстремизмге каршы күрөш жүргүзүп жатканы менен түшүндүрөт. Кытай бийлиги кесиптик окуу борборлорунда жарандар мамлекеттин мыйзамдарын билип, кытай тилин үйрөнүп чыгышарын жүйө келтирет.

Мурдараак Помпео Вашингтон уйгурлардын укуктарын бузууга тиешеси бар кытайлык аткаминерлерге санкция салуунун жолдорун караштырып жатканын айткан.

Орусиядагы адам укуктарынын абалы тууралуу баяндамада көрсөтүлгөндөй, былтыркы президенттик шайлоодо оппозициялык саясатчыларга талапкерлигин коюуга мүмкүнчүлүк берилген эмес.

Ошондой эле Орусия аннексиялап алган Крымда адам укуктарынын абалы начарлаганы байкалган. Мындан сырткары баяндамада Украинанын чыгышындагы Орусиянын агрессивдүү аракеттерине көңүл бурулат. Байкоочулардын маалыматына таянып, орус бийлиги Донбасста украин жарандарын кармап, сотко өткөрүп бергени айтылат.

Баяндамада Чеченстандагы ЛГБТ коомчулугунун өкүлдөрү суроо-сопкуту жок эле жазаланып жатканы тууралуу сөз болот. Орусиялыктар саясий жүйөдөн улам куугунтукка кабылып жатканы, үй бүлөдөгү зордук-зомбулук кылмыш катары каралбай калганы баса белгиленет.

Украинадагы жагдайга келгенде, Киев жарандык активисттерди, журналисттерди жана ЛГБТ коомчулугунун өкүлдөрүн куугунтуктоону токтото албаганы сындалат. Ошондой эле докладда украин бийлигиндеги коррупция жөнүндө сөз болот.

АКШнын Мамлекеттик департаменти 1977-жылдан бери жыл сайын дүйнөдөгү адам укуктарынын абалына арналган баяндамасын чыгарып турат.

XS
SM
MD
LG