Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:41

ИМ тобу ооган журналистинин өлүмүнө жоопкерчилик алды


Гилменддеги бир журналисттин өмүрүн алган чабуул. 12-март, 2019-жыл.
Гилменддеги бир журналисттин өмүрүн алган чабуул. 12-март, 2019-жыл.

«Ислам мамлекети» террордук тобуна ыктаган жоочулар ооганстандык тележурналист Султан Махмуд Хирхванын өлүмүнө жоопкерчилик алышты. Бирок алардын жекшембидеги билдирүүсүндө журналист эмне үчүн бутага алынганы айтылган жок.

15-мартта 60 жаштагы Хирхваны Ооганстандын түштүк-чыгышындагы Хост шаарында башка атып кетишкен. Ага кол салган адам да окко учкан.

Журналист Султан Махмуд Хирхва Ооганстандагы «Заман» жеке менчик телеканалында иштеп келген. Өткөн жумада эле Гилменд провинциясында унаага орнотулган бомба жарылып, андан дагы бир тележурналист Нисар Ахмад Ахмади мерт болгон.

16-мартта Ооганстандагы «Журналисттердин коопсуздугу боюнча комитет» өкмөттү журналисттерди коргоого чакырды.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан «Журналисттерди коргоо комитетинин» маалыматы боюнча, өткөн жылы Ооганстанда кеминде 13 журналист кесибине байланыштуу киши колдуу болгон.

XS
SM
MD
LG