Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Бишкек шаардык кеңешине жаңы үч депутат келди


Бишкек шаардык кеңешинин буга чейинки жыйындары. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек шаардык кеңешинин буга чейинки жыйындары. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык кеңешинин 19-марттагы сессиясында «Мекеним Кыргызстан» фракциясынан Нургазы Каримов менен Аскарбек Күрүчбековго, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Эдик Досиевге мандат тапшырылды.

Каримов менен Күрүчбеков өз эрки менен мандаттарын тапшырып кеткен Өмүрбек Жолдошев жана Айжигит Апсатар уулунун ордуна келишти.

Эдик Досиев фракциядагы Аликбай Сариевдин ордуна келди. Сариев Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков менен кошо соттолгондон кийин анын ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, орду бош калган. Тизмедеги кезекке ылайык, мандат Эдик Досиевге берилиши керек болчу. Партиянын саясий кеңеши мандатты 23-орунда турган Аллаберди Парпиевге берүүнү чечип, Досиев буга байланыштуу БШКга арыз менен кайрылган. Маселеге Жогорку сот чекит койгон.

Бишкек шаардык кеңешинде 45 депутат бар. Көпчүлүк коалицияны ​КСДП, «Өнүгүү-Прогресс», «Мекеним Кыргызстан» жана «Республика – Ата Журт» фракциялары түзөт. Азчылыкта «Кыргызстан» фракциясы жалгыз. (ErN)

XS
SM
MD
LG