Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:38

Айдарбеков Казакстандын элчисин кабыл алды


Чыңгыз Айдарбеков менен Карим Кокрекбаев. 19-марттагы жолугушуу. Бишкек, Кыргызстан.
Чыңгыз Айдарбеков менен Карим Кокрекбаев. 19-марттагы жолугушуу. Бишкек, Кыргызстан.

19-мартта Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Карим Кокрекбаевди кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Жолугушууда тараптар быйыл жогорку жана бийик деңгээлдерде, анын ичинде эки өлкөнүн тышкы саясий мекемелери тарабынан боло турган эки тараптуу сапарларды жана жолугушууларды уюштуруу маселелерин талкуулашты. Алдыдагы көп тараптуу эл аралык иш-чаралар жана форумдар боюнча пикир алмашылды.

Кездешүүдө суу жана энергетика чөйрөсүндө кызматташуу, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы кээ бир өткөрмө пункттарынын ишин жакшыртуу, ошондой эле Кыргызстандын ветеринардык тутумунун эквиваленттүүлүгүн таануу маселелерине өзүнчө көңүл бурулду.

Буга чейин Кыргызстандын өкмөтү кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде ветеринардык-фитосанитардык көзөмөлдү алып салуу жөнүндө маселени ЕАЭБ Кеңешинин 29-мартта кезектеги жыйынында көтөрөрүн кабарлаган.

Казакстан 19-февралда Кыргызстандан жана Өзбекстандан азык-түлүк алып кирүүгө убактылуу тыюу салган. (ErN)

XS
SM
MD
LG