Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:56

«Талибан» 58 ооган жоокерин туткунга алганы кабарланды


Ооган коопсуздук күчтөрү колго түшүргөн талиб согушкерлери. 3-март, 2019-жыл.
Ооган коопсуздук күчтөрү колго түшүргөн талиб согушкерлери. 3-март, 2019-жыл.

Ооганстандын Коргоо министрлиги «Талибан» кыймылы 58 ооган жоокерин кармап кеткенин билдирди. Өлкөнүн Түркмөнстан менен чектешкен Багдис провинциясындагы өкмөттүк күчтөр эки жума мурда талибдердин чабуулуна кабылган. Бала Мургаб районундагы бир нече күнгө созулган салгылашуулардан кийин 58 жоокер Түркмөнстандын аймагына өтө качканын жана ушунча сандагы жоокер туткунга түшкөнүн Коргоо министрлиги «Твиттердеги» баракчасына жазды. Мекеме «Түркмөнстанга өтө качкандар» кайтып келишкенин, ал эми согушкерлердин колундагы аскерлер бошотулмайынча издеп-куткаруу аракети улана берерин кошумчалады.

«Талибан» кыймылы аймактагы күч түзүмдөрүнүн 72 өкүлүн кармап кеткенин 17-мартта билдирген.

Бир нече күн мурда Катардын баш калаасы Доха шаарында Ооганстандагы 18 жылдан берки согушту токтотуу үчүн Кошмо Штаттар менен талибдердин өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн соңку айлампасы жыйынтыкталган.

Кабулдагы өкмөт сүйлөшүүгө чакырылбаганына нааразылыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG