Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 23:37

Жапония: Олимпиада комитетинин президенти коррупциянын айынан кызматтан кетет


Бишкекте өткөн жапон маданиятынын көргөзмөсү. 3-январь, 2019-жыл.

Жапониянын Олимпиада комитетинин президенти Цунэкадзу Такэда коррупцияга байланыштуу жаңжалдан улам кызматтан кетерин жарыялады. 19-мартта өткөн басма сөз жыйынында Такэда дүйнөлүк оюндардын кызыкчылыгы үчүн ушул жайда кызматын өткөрүп берерин айтып, коррупция боюнча дооматтарды четке какты.

Цунэкадзу Такэда сингапурдук «Black Tidings» консалтинг компаниясына эки миллион долларлык келишимге кол койгонун мойнуна алып, анын коррупцияга байланышы жок экенин жүйө кылды. Француз тергөөчүлөрү бул компания менен Эл аралык Олимпиада комитетинин мурдагы мүчөсү Ламин Диактын уулу тыгыз байланышта болгонун аныкташкан. Диак өзү 2015-жылы «паракорчулукка» жана «арам акчаны адалдоого» байланыштуу жаңжалдан кийин кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

Ламин Диак Олимпиада комитетинин Африкадагы мүчөлөрүнө таасири күч болгону айтылып келет. 2013-жылы комитет Мадрид менен Стамбулдун арыздарын четке кагып, жайкы оюндарды Токиодо өткөрүүгө добуш берген.

Жапония 2020-жылы жайкы Олимп оюндарын өткөрүш үчүн 20 миллиард доллар бөлгөн.

XS
SM
MD
LG