Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:47

Орозова: чек ара маселеси боюнча парламентке өкмөт башчы өзү келсин (видео)


Карамат Орозова.
Карамат Орозова.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак боюнча Жогорку Кеңешке өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин өзү келбегени депутаттардын нааразычылыгын жаратты. КСДП фракциясынын депутаты Карамат Орозова премьер-министр, күч органдарынын жетекчилери парламентке келиши керек экенин айтты.

«Эмне себептен өкмөт башчы келген жок? Чек арада ок атылып, чек ара бузулуп жатат. Эмне үчүн башкы прокурор, тышкы иштер министри жана башка министрлер келген жок? Алар келмейинче биз бул маселени карабашыбыз керек. Кесиптештер, биздин дарекке айтылган сындарга чычалайбыз. Бирок биз ушуга окшогон нерселерге жол берип жатабыз. Ок аталып, адамдар жарадар болуп жатса премьер-министр эмнеге өзү келбеши керек?», -деди Орозова.

Орозованын сөзүн Таабалды Тиллаев, Исхак Масалиев жана башка депутаттар да колдоду. Бүгүн өкмөт парламентте кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек чек арасынын абалы тууралуу маалымат бермек. Жогорку Кеңешке баяндамачы катары вице-премьер-министр Жеңиш Разаков келген.

Бул күндөрү өкмөт башчы Абылгазиев Оштогу жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен таанышып жүрөт. Бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча тиешелүү жетекчилер жана жергиликтүү бийлик ээлери менен селектордук жыйын өткөрөт.

Кыргыз-тажик чек арасындагы 13-14-марттагы чатактан тажик тараптан эки адам өлүп, бир нече киши жарадар болгону кабарланды.

Эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрүнүн төрт күнгө созулган сүйлөшүүсүнөн кийин 18-мартта жаңжалдан кийин жабылган Кыргызстандын Ош-Баткен-Исфана, Тажикстандын Исфара району менен Ворух анклавына кеткен жол ачылып, чырга себеп болгон Ак-Сай-Тамдык жолун куруу жөнүндө чечим кабыл алынган. (BTo)

XS
SM
MD
LG