Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Гаага соту Радован Каражичтин арызы боюнча чечимин жарыялайт


Радован Каражич
Радован Каражич

Гаага соту босниялык сербдердин мурдагы лидери Радован Каражичтин доо арызы боюнча өз чечимин жарыялайт. Соттун сыртында 1995-жылы кыргынга кабылган сегиз миң мусулмандын жакындары турушат.

2016-жылы мурдагы Югославия боюнча БУУнун Эл аралык трибуналы босниялык сербдердин экс-лидери Радован Каражичти Сребреницадагы геноцид жана 1990-жылдары Балкан согушу маалында адамзатка каршы кылмыштары үчүн күнөөлүү деп таап, 40 жылга эркинен ажыраткан. Каражич өз арызында сот чечим чыгарууда элүүдөй ката кетиргенин жазган.

Сребреницадагы мусулман эркектердин өлтүрүлүшү Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Европадагы «эң ырайымсыз кыргын» деп таанылган.

Соттун алдында Каражичтин жактоочулары да турат.

Мурдагы психиатр жана өзүн акын атаган 73 жаштагы Каражич Югославия ич ара бөлүнгөн кезде бийликке келген.

XS
SM
MD
LG