Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:34

Мозамбикте үч күндүк аза күтүү жарыяланды


Табигый кырсыкта жапа тарткан тургун. 18-март, 2019-жыл.
Табигый кырсыкта жапа тарткан тургун. 18-март, 2019-жыл.

Мозамбикте үч күндүк аза күтүү жарыяланып, өлкөгө өзгөчө кырдаал режими киргизилди. “Идай” куюну 200 адамдын өмүрүн алганы расмий кабарланды. Бийлик курмандыктардын саны миң кишиге чейин жетиши мүмкүн деп кооптонуп жатат.

15-мартка караган түнү күчү төрт баллга жеткен бороон Мозамбиктин Бейра районун каптаган.

Ылдамдыгы саатына 160 чакырымга жеткен шамал жана суу ташкыны айыл-кыштактарды, жолдорду жана көпүрөлөрдү кыйратты. Улуттар Уюму Мозамбиктеги кырдаалды "табигый апаат" деп атады.

"Идай" куюну Африкадагы Малави менен Зимбабвеге да алаамат салды. Бул эки өлкөдө ондогон адам суу ташкынынан каза таап, көптөр дайынсыз. Зимбабвенин Маалымат министрлиги 98 адам өлүп, 217 киши дайынсыз болуп жатканын кабарлады.

Синоптиктер нөшөрлүү аба ырайы жана бороон-чапкын дагы бир канча күн болорун эскертип жатышат.

XS
SM
MD
LG