Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:55

Казак парламенти Астананын аталышын Нурсултан деп өзгөрттү


Мурунку Астана, азыркы Нурсултан шаарынын көрүнүшү, 2017-жыл.
Мурунку Астана, азыркы Нурсултан шаарынын көрүнүшү, 2017-жыл.

Казак парламенти коңшу өлкөнүн баш калаасы Астананын аталышын Нурсултан деп өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды. Парламенттин кош палатасынын биргелешкен жыйынында Мажилистин 103 депутаты жана Сенаттын 43 мүчөсү мыйзам долбоорун колдоду. Бул тууралуу Мажилистин төрагасы Нурлан Нигматулин билдирип, “тарыхый чечим” кабыл алынганын айтты.

Астананы Нурсултан шаары деп өзгөртүүнү жана Назарбаевдин айкелин тургузуу сунушун 20-мартта ант берип, кызматка киришкен Касым-Жомарт Токаев киргизген.

19-мартта Казакстанды 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаев өз ыктыяры менен бийликтен кетип жатканын жарыялап, атайын жарлыкка кол койгон.

XS
SM
MD
LG