Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Бокоев: Бабановдун келиши боюнча президенттин астынан өтүп жатабыз


Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келиши боюнча анын тарапташтары бийлик менен сүйлөшүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган фракциянын депутаты Кенжебек Бокоев билдирди:

«Өмүрбек Бабановго иш козголгондон бери эле бийлик менен сүйлөшүү болуп келатат. Буга чейин Руслан Казакбаев деле «сүйлөшүүлөр болуп, мурунку бийлик «бир жыл өлкөгө келбей турасың» деген шарт койгон» деп айтпады беле. Мен Өмүрбек Бабановдун келишине бийлик каршы эмес деп ойлойм. Бирок толук макулдук беришин биз да күтүп, ошону билдирип жатабыз. Президентке да айттырып, астынан өтүп атабыз. Бийлик уруксатын берет деп ойлойм».

«Республика - Ата Журт» фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келүүнү пландап жатканы 21-мартта белгилүү болгон.

Бабанов бул тууралуу Орусияда «Республика - Ата Журттун» депутаттары Максат Сабиров, Руслан Казакбаев, Мирлан Жээнчороев жана Кенжебек Бокоевдер менен жолукканда айткан.

Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодо ат салышып, Сооронбай Жээнбековго утулуп калган.

Ошол эле жылы 4-ноябрда «анын шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде Башкы прокуратура иш козгоп, материалдарды УКМКга өткөрүп берген. Ага карата «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен да иш козголгону кабарланган.

Бул айыптоолорду четке каккан Бабанов өлкөдөн чыгып кетип, кийин депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан кеткенин жарыялаган. (BkA/BTo)

XS
SM
MD
LG