Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Ошто дыйкандарга арзан пайызда насыя берүү кечигип жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунунда дыйкандарга арзан пайыздагы насыяларды берүү кечеңдеп жатат. Буга байланыштуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чукул жыйын өткөрдү. Жыйынга облус жетекчиси, район акимдери жана банк өкүлдөрү катышты.

Анда жазгы талаа иштери башталганы менен дыйкандар арзандатылган насыяларды ала албай жаткандыгы айтылды.

«Ошто эгин айдоо иштери башка аймактардан эрте башталат. Ошондуктан насыяларды берүүнү тездетиш керек», - деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы «Айыл чарбасын каржылоо - 7» долбооруна февралдын башында кол койгон. Долбоордун алкагында жазгы талаа жумуштарына, мал чарбачылыгына, өсүмдүк өстүрүү жана айыл чарба өндүрүмүн кайра иштетүү багыттарына насыя берилет.

«Айыл чарбасын каржылоо» долбоору 2013-жылдан башталган. Былтыр «Айыл чарбасын каржылоо – 6» долбоорунун алкагында дыйкандар менен фермерлерге 5,6 млрд. сомдон ашуун суммада жеңилдетилген насыялар берилген. (ErN)

XS
SM
MD
LG