Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:44

Жаңы Зеландия: Таррантка карата манифестке тыюу салынды


Крайстчерчтеги кыргындын курмандыктарын эскерүү, Жаңы Зеландия. 18-март, 2019-жыл.
Крайстчерчтеги кыргындын курмандыктарын эскерүү, Жаңы Зеландия. 18-март, 2019-жыл.

Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы эки мечитте ок атып, 50 кишини өлтүргөн Брентон Таррантка карата манифестти сактоого жана таратууга тыюу салынды.

Өлкө жарандары манифесттин көчүрмөсүн, шилтемелерин компьютерлеринен өчүрүүгө милдеттүү. Мындай чечимди Жаңы Зеландиянын зомбулукту пропагандалаган маалыматтарды цензуралаган Кинофильмдер менен китептер агенттиги кабыл алды. Буга Таррантка карата манифестте Жаңы Зеландияда чабуул уюштурула турган жайлар жана аны ишке ашыруу жолдору тизмектелген деген жүйө келтирди.

15-мартта Крайстчерч шаарындагы «Аль-Нур» жана «Линвуд» мечиттеринде кыргын салып, адамдарга туш келди ок жаадырган киши 28 жаштагы австралиялык Брентон Таррант экени айтылган. Полициянын маалыматына ылайык, шектүү курал-жарактарды атайын сертификаттын негизинде, мыйзамдуу жол менен сатып алып турган.

Таррант мечиттеги кыргынды «Фейсбуктагы» баракчасында түз эфирде көрсөткөн. «Фейсбук» компаниясы бул видеонун 1,5 миллионго чукул көчүрмөсүн социалдык тармактан өчүрдү.

XS
SM
MD
LG