Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:36

БУУ: Африкада «Идай» куюну 700 кишинин өмүрүн кыйды


Кырсыктан жабыркаган Бейра шаары. 17-март, 2019-жыл.
Кырсыктан жабыркаган Бейра шаары. 17-март, 2019-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) маалыматына караганда, Африканын түштүгүндөгү «Идай» куюнунун айынан кеминде 700 киши каза болду. Соңку 10 жылдагы өтө катуу табигый кырсыктан бир жарым миллиондон ашуун киши жабыркады. Гуманитардык уюмдардын өкүлдөрү суу тартылгандан кийин курмандыктардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин эскертип жатышат.

Мозамбикте табигый кырсыктан 400 кишинин өмүрү кыйылды. Ондогон киши жабыркады. Мозамбиктин бийлиги бир жарым миңдей киши куткаруучуларды күтүп жатышканын кабарлады. 89 миңдей киши убактылуу баш калкалоочу жайларда турушат.

Зимбабведе жана Малавиде табигый кырсыктын кесепетин жоюуга аракеттенип жатышат.

Табигый кырсыктан жабыркаган райондордо эң зарыл нерселер, анын ичинде тамак-аш, суу жана дары-дармек жетишпей жатат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жугуштуу илдеттер жайылышы мүмкүн экенин эскертти. Мозамбиктеги төртүнчү чоң шаар – Бейрада холера чыкканы катталды.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш жума күнү дүйнөлүк уюм аймакка 20 миллион доллар бөлгөнүн билдирди.

XS
SM
MD
LG