25-мартта НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Грузиянын бийлик өкүлдөрү менен жолугушту. Ал Грузияда өтүп жаткан НАТОнун аскердик машыгууларын көрүү максатында барган.
Дүйшөмбүдө Столтенберг грузин премьер-министри менен сүйлөшүүдөн кийинки басма сөз жыйында өлкөнү Түндүк Атлантикалык уюмга кабыл алуу аракеттери улантыларын айтты.
"Грузия - НАТО үчүн өзгөчө макамдагы өнөктөш. Уюмга мүчө бардык өлкөлөрдүн лидерлери былтыр жайында Брюсселде Грузияны НАТОго кабыл алуу үчүн Бухарест саммитинин чечимин дагы бир ирет ырасташты", - деди Столтенберг.
2008-жылы Бухаресттеги саммит учурунда НАТО Грузияны мүчөлүккө кабыл алууга макул болгон. Орусия буга каршы чыккан. Орус президенти Владимир Путин Москва Грузия жана Украинанын эсебинен НАТОнун аймагынын кеңейишине каршы экенин айтып, альянс бул эки мамлекетсиз эле ишмердик жүргүзө аларын билдирген.
Ушул жылдын август айында Орусия менен Грузиянын ортосунда беш күндүк согуш болгон. Куралдуу жаңжал Грузиянын курамындагы жикчил Түштүк Осетиянын айынан тутанган. Москва Грузиянын карамагындагы дагы бир жикчил республика – Абхазияны колдоп жүрөт, эки чөлкөмдү тең "эгемен өлкө" деп тааныган. Москванын аскердик кийлигишүүсү аймактагы чыңалууга түрткү берген. Грузия өлкөнүн бир бөлүгүн оккупациялап алганы үчүн Орусияны айыптап келет.