Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:55

Конор Макгрегор спорттон кетерин жарыялады


Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегор.
Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегор.

Ирландиялык белгилүү мушкер Конор Макгрегор спорттогу карьерасы аяктап жатканын 26-мартта "Твиттерге" жазды. Ал ардагер спортчулардын катарына кошулуп жатканын билдирди.

Макгрегордун күйөрмандары бул билдирүүгө көп ишенбей турушат. Мушкер 2016-жылдын апрель айында да америкалык Нейт Диаска утулуп калгандан кийин спорттон кетерин айткан. Бирок ошол эле жылы реванш үчүн таймашка кайтып келген.

30 жаштагы Макгрегор баш-аягы 21 жеңишке жетишип, төрт жолу утулган. 2018-жылдын октябрь айында Лос-Анжелесте өткөн жеңил салмактагы чемпиондук кур үчүн таймашта орусиялык Хабиб Нурмагомедовго жеңилген. Аны улай калайман мушташка аралашып, орус мушкери менен кошо таймаштардан убактылуу четтетилген.

XS
SM
MD
LG