Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

АФК кубогу: «Дордой» менен «Алтын-Асыр» Бишкекте беттешет


«Дордойдун» оюнчулары көк түстөгү, «Алтын-Асырдын» мүчөлөрү ак түстөгү кийим (форма) менен оюнга чыгышат.
«Дордойдун» оюнчулары көк түстөгү, «Алтын-Асырдын» мүчөлөрү ак түстөгү кийим (форма) менен оюнга чыгышат.

Бүгүн, 3-апрелде Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын чемпиону «Дордой» футболдук клубу менен Түркмөнстандын «Алтын-Асыр» клубу АФК кубогунун тайпалык баскычында беттешет.

Оюн кечки саат 20:00дө башталат. «Дордойдун» оюнчулары талаа кожоюну катары көк түстөгү, «Алтын-Асыр» ак түстөгү кийим (форма) менен оюнга чыгат. Эки команданын өкүлдөрү бир күн мурда болгон басма сөз жыйынында жеңишке жетиш үчүн эки команданын мүмкүнчүлүктөрү бирдей экенин айтышты.

«Дордой» клубунун башкы машыктыруучусу Александр Крестинин:

- Эки команданын тең деңгээли бирдей. Бирок биздин артыкчылыгыбыз – күйөрмандарыбыз, - деди.

«Алтын-Асыр» клубунун башкы машыктыруучусу Язгули Хожагелдиев эки команданын буга чейинки беттештеринин жыйынтыгы командасын фаворит деп эсептөөгө негиз болбой турганын айттты:

- Бул жаңы мелдеш. Экөө тең нөлдөн баштап жатышат. Ийгиликке жетиш үчүн мүмкүнчүлүк бирдей.

«Алтын-Асыр» АФК кубогунун былтыркы сезонунда финалдык бөлүккө чейин жеткен.

АФК кубогунун тайпалык беттештеринде жалпысынан Азиянын 36 клубу тогуз топко (тайпага) бөлүнүп ойношот. «Дордой» клубу Түркмөнстандын «Алтын-Асыр», Тажикстандын «Истиклол» жана «Хужанд» клубдары менен D тайпасына бөлүнгөн.

Бул баскычта (этапта) командалар ушул жылдын июнь айынын аягына чейин жалпы алтыдан оюн (өз талаасында жана конокто) өткөрөт. Тайпада эң көп упай топтогон команда кийинки баскычка чыгат.

АФК кубогуна даярдык көрүш үчүн «Дордой» клубу Түркиянын Анталия шаарына эки жумага окуу-машыгууга барып, бир нече жолдоштук беттеш өткөрүп 25-мартта Бишкекке келген. Түркияга кетер алдында клуб өз катарын сегиз оюнчу менен толуктаган.

Оюнчулардын төртөө чет өлкөлүк, калганы жергиликтүү футболчулар. Алардын катарында «Алтын-Асыр» клубунун мурдагы оюнчусу түркмөнстандык Вахыт Оразсахедов да бар.

«Дордой» клубу - футбол боюнча Кыргызстандын 10 жолку чемпиону, Кыргызстандын кубогун 10 жолу алган. АФКнын президентинин кубогун (2006-2007-жылдары) эки жолу жеңген. АФК кубогуна 2015-жылы катыша баштаган. Быйыл төртүнчү ирет ушул кубок үчүн ойнойт.

XS
SM
MD
LG