Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:10

Милиция: Кадыралиевдин ишинде аты аталган адамдан автомат табылды


Канжар Кадыралиев.
Канжар Кадыралиев.

«Учурунда Канжар Кадыралиев менен бирге каракчылык кылган» деп аты аталган тургун жашаган жерден Калашников автоматы табылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош облустук милициясынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев кабарлады. Учурда тергөө жүрүп жатат.

- Бул жаран Өзгөн районунун Куршаб айылынын 1976-жылы туулган тургуну Р.М. экендиги аныкталып, турак жайын тинтиген учурда короосунда жыйылган отундун арасынан октору жок Калашников автоматы табылган. Жазык кодексинин 253-беренесинин негизинде тергөө иштери башталды, - деди Аширбаев.

Ал эми «Кадыралиевдин ишинде ал шектүү катары өттү беле?» деген суроого милиция өкүлү: «Учурунда ал адамдын да аты аталган экен. Бирок тергөө учурунда текшергенде издөөдө да болгон эмес, шектүү катары каралганы да далилденген эмес сыяктанат» деп жооп берди.

Учурда экөөнүн байланыштары боюнча маалыматтар кайрадан изилденип жатат.

2014-жылы Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Ыргал Кадыралиеванын жана парламенттин мурдагы депутаты, маркум Санжар Кадыралиевдин бир тууганы, Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык», «Опузалоо» жана «Өзүм билемдик» беренелери менен ишин козгоп, аны кызматынан бошоткон. Ал кылмыш иши козголгондон беш айдан кийин камакка алынган. Кийинчерээк Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган.

Кадыралиевге иш козголушуна «куралдуу карактоого кабылды» деген өзгөндүк жеке ишкер Сактан Келдибаевдин туугандарынын, андан кийин өзүнүн айылдашы Абдимитал Бекташевдин арыздары негиз болгон. Бирок сот чечим чыгара элек.

Кадыралиев жана анын жакындары кылмыш иши негизсиз козголгонун айтып келатышат. Анын өзү менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан эмес. (YI)

XS
SM
MD
LG