Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

Чыңгыз Айтматов менен Азамат Алтай жөнүндө китеп кыргызчага которулду


«Темир тордун эки тарабындагы тагдырлар» китеби.
«Темир тордун эки тарабындагы тагдырлар» китеби.

Бүгүн кыргыздын чыгаан жазуучусу менен «Азаттыктын» кыргыз кызматынын негиздөөчүсүнүн тагдырларын баяндаган «Азамат Алтай жана Чыңгыз Айтматов: Темир тордун эки тарабындагы тагдырлар» китебинин бет ачары өттү. Китептин автору, америкалык Жеффри Лилли эмгегин алгач англис тилинде жазып чыгарган.

Иш-чарага Чыңгыз Айтматов менен Азамат Алтайдын өмүр жолунда кездешкен коомдук ишмерлер жана журналисттер катышты.

Америкалык изилдөөчү Жеффри Лиллинин «Тоолор кулап калдыбы? «Кансыз согуш» маалындагы жоготуунун жана кутулуунун кош сапары» (Jeffrey Lilley. Have the Mountains Fallen? Two Journeys of Loss and Redemption in the Cold War. - 2018. - ISBN: 978-0-253-03244-7) деген китебинин бет ачары Бишкекте 2018-жылдын май айында өткөн.

Жеффри Лилли АКШ менен СССРдин жөөлөшүнүн азабын тарткан кыргыздын эки улуу инсанынын - дүйнөлүк адабияттын алпы Чыңгыз Айтматов менен Экинчи дүйнөлүк согуш капшабында калып, Батышта өмүр кечирген Азамат Алтайдын тагдыр жолун, мүшкүлүн жана чыгармачыл мээнетин салыштырып иликтеген. (KR)

XS
SM
MD
LG