Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:43

Украина Орусияга түз барчу авиакаттамдарды токтотту


Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев, Украинада президенттикке талапкер болгон Юрий Бойко жана украиналык ишкер Виктор Медведчук Орусиядагы жолугушууда. 22-март, 2019-жыл.
Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев, Украинада президенттикке талапкер болгон Юрий Бойко жана украиналык ишкер Виктор Медведчук Орусиядагы жолугушууда. 22-март, 2019-жыл.

Украин өкмөтү өлкөдөн Орусияга түз учкан авиакаттамдарды токтотту. Бул чечим Украинада президенттикке талапкер болгон Юрий Бойко менен Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин Москва облусундагы жолугушуусунда кабыл алынды.

Марттагы шайлоонун алдында Бойко жана украиналык ишкер Виктор Медведчук Орусияга барып, премьер-министр Медведев менен орус-украин алакасын талкуулашкан. Украинада алар «аба мейкиндигиндеги чек арадан мыйзамсыз өтүштү» деп айыпталган.

2015-жылы Киев орус учактарына өз аба мейкиндигин жапкан.

Украинанын ички иштер министри Арсен Аваков Бойко менен Медведчук «мыйзамдан жол таап», Москвага Орусияда катталбаган учак менен барышканын билдирген. Украин мыйзамында Орусияда катталбаган учак менен Москвага учууга чектөө коюлган эмес.

2015-жылы Украина орус учактарына өзүнүн аба мейкиндигинен өтүүгө тыюу салган. Орусия да ушундай эреже киргизип, чоң авиакомпанияларынын Украинага учкан каттамдарын токтоткон.

3-апрелде киргизилген чектөө БУУнун, ЕККУнун жана «Кызыл Чырым» уюмдарынын миссияларынын ишин камсыз кылган учактарга таасир этпейт.

XS
SM
MD
LG