Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Жогорко Кеңеште аны «чет элдик атайын кызматтарга тиешеси бар» деп айтып чыккан депутаттар менен соттошуу ниети бар экенин билдирди. Ал бул тууралуу govori.tv сайтынын журналисти менен болгон маегинде айтты:
«Мага карата айтылган шек менин тууган-уругума, балдарыма, досторума, жакындарыма айтылып жаткан куру доомат деп эсептейм. Ошондуктан муну чоң трибунага алып чыккан кишилер менен сот аркылуу териштирип алам. Биз бул маалыматты фейк деп атсак, кээ бир адамдар аны негиз кылып, менин үстүмдөн тыянак чыгарып жатат. «Сиз ал делегацияны жетектебешиңиз керек, ал жерге сиз катышпашыңыз керек» деп. Булар ошол фейкти негиз кылып жатышат да. Ошондуктан мен муну соттук алкакта албетте териштиремин».
20-мартта Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай боюнча өкмөттүн отчетун угуу учурунда айрым депутаттар «Жеңиш Разаковдун тажик чалгынына тиешеси бар» деген кептерди иликтөө боюнча демилге көтөрүшкөн.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 1-апрелде «вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун чет элдик атайын кызматтарга тиешеси бар» делген маалыматты текшерип чыгып, ал чындыкка туура келбей турганын билдирген.
УКМК «2016-жылдын 6-июлунда интернет-сайттардын биринде В.Откиндин макаласы жарык көргөн. Учурда «e-tadjikistan.org» сайты иштебейт. Ошондой эле аталган сайтка ээлик кылган «Бирдиктүү Тажикстан» оппозициялык уюму ойдон чыгарылганы аныкталды» деп билдирген. (BTo)