Европа соту орус бийлиги оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды «Ив Роше» иши боюнча үй камагына алуу менен Европа конвенциясын бузган деп тапты. Адам укуктары боюнча Европа соту Москваны Навальныйга 11 ай үй камагында отурганы үчүн 23 миң евро төлөп берүүгө милдеттендирди.
Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында жарыяланган билдирүүдө айтылат. Сот «Навальный коомдук-саясий ишмердүүлүгүнөн улам саясий куугунтукка кабылган жана бийлик аны коомдук иш-чараларга катыштырбоого аракет кылган» деп тааныды.
2013-жылдын декабрь айында Москванын Замоскворецкий райондук соту ага-ини Навальныйларды «Ив Роше» компаниясынын ири көлөмдөгү каражатын кымырып алган деген кине менен Алексейди шарттуу кесип, ал эми Олегди үч жарым жылга эркинен ажыраткан.
Соттун өкүмү чыкканга чейин Алексей Навальный 11 ай үй камагында болгон.
2017-жылы Адам укуктары боюнча Европа соту ишти кароодо мыйзам бузулганын таанып, ага-иниге 76 миң евро компенсация төлөп берүүгө милдеттендирген.
2018-жылы Орусиянын Жогорку соту «Ив Роше» боюнча ишти кайра карап, бирок ага-ини Навальныйларга карата чыгарылган соттун өкүмүн жокко чыгаруудан баш тарткан. Кийин Навальныйга орус өкмөтү төрт миллион рубль кенемте төлөп берген.