Иранда коомдук жайларда хижаб кийүүгө каршы чыккан Вида Мовахед бир жылга абакка кесилип, бирок ага ырайым берилди. Бул тууралуу анын адвокаты Пайам Деравшан 14-апрелде билдирди.
Адвокаттын айтымында, сот Мовахедди март айында бир жылга эркинен ажыраткан. Бирок кийинчерээк аятолла Али Хаменеиден ырайым алган.
32 жаштагы Мовахед адегенде 2017-жылдын декабрында хижабын чечип, колуна кармап, аянтка чыкканда «Энгелаб көчөсүндөгү кыз» деген ат менен белгилүү болгон. Анда Вида жана аны колдогон 29 аял камалып чыгышкан.
Мындай акцияны Мовахед 2018-жылы ноябрда да кайталап, дагы кармалып, ошондон бери камакта болчу.
Бул аялдар коомдук жайларда дене-башын жаап жүрүүгө милдеттендирген мыйзамга каршы. Аталган мыйзам Иранда 1979-жылкы Ислам ыңкылабынан кийин киргизилген.