Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Финляндиядагы шайлоодо социал-демократтар алдыга чыгышты


Социал-демократиялык партиянын лидери Антти Ринне партиялаштары менен. Хелсинки. 14-апрель, 2019-жыл.
Социал-демократиялык партиянын лидери Антти Ринне партиялаштары менен. Хелсинки. 14-апрель, 2019-жыл.

Финляндиядагы парламенттик шайлоодо солчул, буга чейин оппозицияда болуп келген Социал-демократиялык партия добуштардын 17,7 пайызынын топтоп, алдыга чыкты. Андан 0,2 пайыз азыраак добуш алган улутчул көз караштагы «Нукура финндер» партиясы экинчи орунда.

200 орундуу парламентте социал-демократтар 40 орунга, ал эми улутчулдар 39 орунга ээ болушту. Премьер-министр Юха Сипилянын партиясы төртүнчү орунга илинди. Парламентке ошондой эле Жашылдар партиясы, христиан-демократтар жана башка бир нече партиялар өтүштү.

Байкоочулардын айтымында, өкмөттү куроо социал-демократтардын лидери Антти Риннеге тапшырылышы мүмкүн.

Партиялар ортосунда бюджет саясаты боюнча пикир келишпестик чоң болгонуна байланыштуу коалиция куроо маселеси да татаалдашары болжолдонуп жатат.

Партиялардын көбү мигранттарга каршы маанайдагы «Нукура финндер» партиясы менен коалиция түзүүдөн баш тартууда.

XS
SM
MD
LG