Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:24

Рахмондун Москвадагы сапары чакан пикет менен коштолду


Эмомали Рахмон (солдо) менен Владимир Путин. Москва, 17-апрель, 2019-жыл.
Эмомали Рахмон (солдо) менен Владимир Путин. Москва, 17-апрель, 2019-жыл.

Тажик президенти Эмомали Рахмондун Москвадагы сапарында Тажикстанда тыюу салынган «Группа 24» оппозициялык тобунун тарапкерлери 17-апрелде Кремлдин жанына акцияга чыгышты. Алар колуна «Диктатор Рахмон менен таанышып алгыла!» деген жазууну кармап, Тажикстанда камакта отурган «саясий туткундардын» баарын бошотууну талап кылышты.

Былтыр ушундай эле акцияны чет өлкөдөгү тажикстандык активисттер Прагада жана Санкт-Петербургда уюштурган.

«Группа 24» – 2015-жылы Стамбулда киши колдуу болгон тажик оппозиционери Умарали Кувватов түзгөн коомдук-саясий кыймыл.

Рахмон менен орус президенти Владимир Путиндин Кремлдеги сүйлөшүүсүнөн кийин бир нече документке кол коюлду.

XS
SM
MD
LG