Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:58

Чек ара кызматы: Катта-Туз кени «Кыргызмунайгаздын» балансында турат


Лейлек районундагы Катта-Туз мунай кени. Архивдик сүрөт.
Лейлек районундагы Катта-Туз мунай кени. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы «Баткен облусунун Лейлек районундагы Катта-Туз мунай кени Тажикстандын пайдалануусунда калды» деген маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу «Азаттыкка» чек араны кайтаруу башкы башкармалыгынын жетекчиси, полковник Куватбек Жеенбаев билдирди:

- Катта-Туз кени 2013-жылы биздин көзөмөлгө алынып, мунай казуу иштери токтотулган. 2015-жылы өкмөттүн буйругу менен кен «Кыргызмунайгазга» өткөрүлүп берилген. Бүгүнкү күнү тажик жарандары ал жерде иш жүргүзгөн жок. Скважиналар толугу менен токтоп турат. «Кыргызмунайгаз» ал жерде өзүнүн чарбалык иштерин кылып жатат. Биздин чек арачылар алардын коопсуздугун камсыз кылып, кызматын өтөп жатышат.

Буга чейин Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри, учурдагы акыйкатчы Токон Мамытов «Азаттык» менен болгон маегинде Катта-Туз мунай кенин тажикстандыктар колдонуп жүргөнүн билдирген. (KR)

XS
SM
MD
LG