Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:45

Шри-Ланкадагы теракттын курмандыктары 359га жетти 


Шри-Ланкадагы жардырууда талкаланган чиркөө. Сүрөт 22-апрелде тартылган. Негомбо шаары.
Шри-Ланкадагы жардырууда талкаланган чиркөө. Сүрөт 22-апрелде тартылган. Негомбо шаары.

Шри-Ланканын полициясы жекшембиде болгон жардыруулардын курмандыктары көбөйүп, 359га жеткенин кабарлады.

Буга чейин жардыруулар үчүн «Ислам мамлекети» террордук тобу жоопкерчилик алган.

Аталган экстремисттик топко таандык «Амак» жаңылыктар агенттиги «Шри-Ланкадагы христиандарды жана коалицияга кирген өлкөлөрдүн жарандарын бутага алган» кол салууну ИМ тобунун согушкерлери уюштурганын 23-апрелде жарыялады.

Теракттан кийин Шри-Ланка бийлиги кол чабуулдарга «Улуттук таухид жамааты» деп аталган жергиликтүү исламчыл экстремисттик топту айыптап, аларга чет өлкөлүк террорчул топтор көмөктөшкөнүн ишарат кылган эле.

21-апрелде христиандар Пасха майрамын белгилеп жатканда Шри-Ланканын баш калаасы Коломбодо жана анын тегерегиндеги шаарчалардагы чиркөө жана мейманканалар сыяктуу бир катар мекемелердин жанында катар-катары менен тогуз жардыруу болгон. Андан 500дөн ашык киши жаракат алган.

XS
SM
MD
LG