Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Ингушетия: акцияга чыккан активисттердин үйүндө тинтүү жүрүп жатат


Магастагы акция. 26-март, 2019-жыл. Ингушетия.
Магастагы акция. 26-март, 2019-жыл. Ингушетия.

Орусиянын курамындагы Ингушетия республикасында полиция ингуш элинин Дүйнөлүк конгрессинин тең төрагасы, активист Ахмед Погоровдун жана анын эки бир тууганынын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу "Яблоко" партиясынын Ингушетиядагы бөлүмүнүн жетекчиси Руслан Муцолгов билдирип, Карабулак шаарындагы тинтүү 25-апрелде таң эрте башталганын, Погоровдун үйү жайгашкан көчөнү брондолгон техника тосуп, беткапчан, куралданган спецназ келгенин кошумчалады.

Мындан тышкары активисттин жээнинин үйү да текшерилип жатканы кабарланды. Күч органдары Погоровдун үйүндө 3-апрелде да тинтүү жүргүзүп, Магаста өткөн митингге катышканы үчүн 20 миң рубль айыппул салган.

Ингушетия республикасынын борбору Магаста 26-27-мартта президент Юнус-Бек Евкуровдун кызматтан кетишин талап кылган жана Чеченстанга жер берүүгө каршы миңдеген адамдын катышуусунда митинг өткөн. Алар Чеченстан менен жер алмашуу тууралуу келишимди кайра карап чыгууну, референдум өткөрүү тууралуу эрежени өзгөртүүнү талап кылышкан.

Негизи ингуш коомчулугунда нааразылык жарым жылдан бери уланып келүүдө. Активисттер чечен бийлигин Чеченстан менен Ингушетиянын чек арасындагы "талаштуу аймактарды басып алган" деп айыптап жатышат. Былтыр күздө нааразы болгондор республиканын бийлигине маселени чечүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Бирок андан майнап чыккан эмес. Сентябрда чечен жана ингуш президенттери жер айырбаштоо тууралуу макулдашууга кол коюшкан.

Орусиянын Конституциялык соту документти мыйзамдуу деп тапкан, ингуш элининин республиканын чек арасын жалпы элдик добуш берүү аркылуу аныктоого уруксат берүү тууралуу суранычын канааттандырган эмес.

Магаста 26-27-марттагы митинг күч колдонуу менен таратылган. Андан кийин бир нече активисттерге кылмыш иши козголуп, камалган.

XS
SM
MD
LG