Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:20

Равшан Жээнбеков: бийлик уранды иштетүүдөн жөн эле баш тартпайт


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

26-апрелде Бишкек шаарында Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы нааразылык акциясы өтөт. Уюштуруучулардын бири, саясатчы Равшан Жээнбеков өкмөттүн уран кенин иштетүүгө тыюу салган чечими акцияны токтотпой турганын айтты:

- Бийликке ишенич жок. Алардын чечими эки багытта болушу мүмкүн. Биринчиси - «бүгүн алдап туралы». Экинчиси - «бир аз созобуз да убакыт өткөндөн кийин эл тынчып кала турган болсо кайра ишти баштай беребиз» деген. Анткени бул долбоордун артында чоң күчтөр турат. Ошон үчүн мындан жөн эле баш тартып коюу бийлик үчүн чоң тобокелчилик. Ошондуктан биз эртең баары бир чыгабыз.

Жээнбеков алар бийликке Кыргызстанда жакынкы 20-30 жыл ичинде уран кенин изилдөөгө, чалгындоого жана казууга тыюу салууну талап кылышарын кабарлады.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн, 25-апрелде Тоң районунун тургундары менен жолугушууда Кызыл-Омпол кенин чалгындоо үчүн «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясына берилген лицензия кайтарып алынганын жана кенди иштетүүгө толук тыюу салынганын билдирди.

Социалдыкдык тармактын колдонуучулары, жарандык активисттер 26-апрелде Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы акцияга чыгышарын айтып жатышат.

21-апрелде да Бишкекте 15 чакты киши уран кенин иштетүүгө каршы пикетке чыгышкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG