Бишкектин Ала-Тоо аянтында бүгүн, 26-апрелде Кыргызстандын аймагында уран казууга каршы нааразылык акция өтүп жатат.
Алар акцияны Жогорку Кеңештин алдында баштаган. Ага жарандык коомдун өкүлдөрү жана бир катар адамдар катышууда.
Акцияга чыккандар колдоруна «Уранды эмес ууруларды казгыла!», «Урансыз келечек!», «Урансыз Ысык-Көл!» деген чакырыктар жазылган плакаттарды көтөрүп турушат.
Ошондой эле өкмөттөн буга чейин өлкөнүн бардык аймактарынан уран казууга канча лизенция берилгени боюнча маалымат берүүнү, лицензияларды кайра кайтарып алууну талап кылып жатышат.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 25-апрелдеТоң районунун тургундары менен жолугушкан учурда Кызыл-Омпол кени боюнча «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясына берилген лицензия кайтарып алынып, кенди иштетүүгө толук тыюу салынганын айткан.
22-апрелде Кызыл-Омпол уран кенинин иши убактылуу токтотулган.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 24-апрелде парламентте уран кенинде иштеп жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы 2004-жылы каттоодон өткөнүн, 2010-жылы кенди геологиялык изилдөөгө уруксат алганын билдирген.
2012-2014-жана 2015-жылы лицензиялык келишим узартылган. (BTo)