Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:14

Камактагы казак активисти ачкачылык жарыялады


Асия Төлесова менен Бейбарыс Толымбеков Алматы сотунда. 21-апрель, 2019-жыл.
Асия Төлесова менен Бейбарыс Толымбеков Алматы сотунда. 21-апрель, 2019-жыл.

Казакстандын Алматы шаарында таза шайлоого чакырык таштаган акция өткөргөндөн кийин 15 күнгө камакка алынган активисттердин бири Асия Төлесова ачкачылык жарыялады.

Ал соттун чечимине нааразылык билдирип жатканын жана боштондукка чыкканга чейин ачкачылыкты улантуу ниетинде экенин адвокаты Жанара Балгабаева билдирди. Анын айтымында, активист суу ичип жатат, бирок тамак-аштан баш тартты. Аны дарыгерлер көзөмөлдөп турушат. Абалы туруктуу.

Жакынкы күндөрдө адвокат Алматы шаардык сотунун активисттерди 15 күнгө камакка алуу тууралуу чечимине каршы Жогорку сотко даттанууну көздөп жатат.

Асия Төлесова жана аны менен кошо камалган Бейбарыс Толымбеков 21-апрелде Алматыдагы марафон учурунда акция өткөргөндөн кийин «митинг уюштуруу жөнүндө мыйзамды бузган» деген айып менен кармалган. Алар жөө күлүктөр чуркаган көчөнүн четинде «Чындыктан кача албайсың! Акыйкат шайлоо үчүн! Бизде тандоо бар!» деп жазылган баннерди көтөрүп турушкан.​ Сот ошол эле күнү экөөнү тең 15 күнгө камакка алган. Акцияны сүрөткө тарткан Сүйүнбийке Сулейменовага, Айдос Нурбулатовго, Айгүл Нурбулатовага соттун чечими менен айыппул салынган.

24-25-апрелде Прагада, Парижде жана Тбилисиде камактагыларды колдогон акциялар өттү.

«Amnesty International» эл аралык укук коргоо уюму Төлесова менен Толымбековду «абийир туткуну» деп тааныса, «Freedom House» уюму Казакстандын бийлигин аларды бошотууга чакырды.

XS
SM
MD
LG