Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:54

Ооганстан: «Лоя жырга» тынчтык сүйлөшүүлөрүн талкуулайт


Ооганстандын президенти Ашраф Гани.
Ооганстандын президенти Ашраф Гани.

Ооганстандын «Лоя жырга» деген ат менен белгилүү улуттук курултайы 29-апрелде АКШ жетектеген тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүн талкуулаганы жатат. Уруу аксакалдарынын, диний аалымдардын, саясатчылар менен атактуу ооган жарандарынын башын бириктирген бул жыйынга Ооганстандын аймактарынан 2 миңге чукул киши катышмакчы.

28-апрелде президент Ашраф Ганинин атайын чабарманы Омар Даудзай «Лоя жырга» «Талибан» кыймылы менен «оогандардын өз ара сүйлөшүүсүнө» шарт түзөөрүн айтты.

Бирок бир катар жогорку даражалуу расмий өкүлдөр, алардын ичинде Ооганстандын аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла төрт күнгө созула турган жыйынга катышпай турган болушту. Абдулла өзүнүн командасы улуттук жыйынды уюштуруу боюнча чечим кабыл алуу жараянына чакырылбаганы үчүн «Лоя жырганы» бойкоттой турганын билдирген.

Бирок ооган президентинин атайын чабарманы Даудзай жыйынга катышуу маселеси боюнча Абдулла баштаган аткаминерлер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.

27-апрелде президент Гани АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад менен жолукту.

Андан бир күн мурда АКШ, Орусия жана Кытай биргелешкен билдирүү таратышып, тараптар Ооганстандан чет өлкөлүк аскерлерди чыгарып кетүү маселесинде орток пикир табышканын, оогандардын өз ара тынчтык сүйлөшүүлөрүн колдой турганын билдиришкен.

Халилзад Ооганстанда 17 жылга созулган согушту токтотуу максатында «Талибан» менен буга чейин бир нече жолу сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Анын натыйжасында ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү 19-апрелде Катардын баш калаасы Дохада «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү менен жолукмай болгон. Бирок бул сүйлөшүү ооган делегациясынын курамы жана көлөмү боюнча пикир келишпестиктен улам өтпөй калган.

XS
SM
MD
LG