Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Украина БШКсы Зеленскийдин жеңишин расмий жарыялады


Улуттук экзит-поллдун жыйынтыгы. 21-апрель, 2019-жыл.
Улуттук экзит-поллдун жыйынтыгы. 21-апрель, 2019-жыл.

Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 21-апрелде өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында актер, куудул Владимир Зеленский жеңип чыкканын расмий жарыялады.

30-апрелде Киевдеги басма сөз жыйынында БШК билдиргендей, шайлоодо Зеленский 73,22, учурдагы президент Петр Порошенко 24,45 пайыз добуш алды. Ага шайлоочулардын 61,37 пайызы келди.

Буга чейин Бирдиктүү улуттук экзит-полл президенттик шайлоодо Зеленский жалпы добуштардын 73,2 пайызын, ал эми Порошенко 25,3 пайызын алганын билдирген. ​

Украинада жаңы шайланган президенттин инаугурациясы шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыялангандан кийин 30 күн ичинде өтүшү керек. Шайлоого көз салган эл аралык уюмдар экинчи турду «демократиянын негизинде өттү» деп тааныды.

Биринчи тур 31-мартта болуп, анда бир да талапкер жетиштүү добуш ала алган эмес. Владимир Зеленский 30,24, Петр Порошенко 15,95 пайыз добуш менен экинчи турга чыгышкан.

XS
SM
MD
LG