Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Экзит-полл: Зеленский 73,2 пайыз добуш алды


Улуттук экзит-поллдун жыйынтыгы.
Улуттук экзит-поллдун жыйынтыгы.

21-апрелде Украинада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өттү.

Ага талапкерлер Петро Порошенко менен Владимир Зеленский катышты. Шайлоонун жыйынтыгынан кийин азыркы президенти Петро Порошенко атаандашы Зеленскийди телефон чалып жеңиши менен куттуктады. Ошентип, эгемен Украинанын болочок, алтынчы президентинин аты белгилүү болуп калды.

Бирдиктүү улуттук экзит-поллдун жыйынтыгына ылайык, президенттик шайлоодо Владимир Зеленский жалпы добуштардын 73,2 пайызын, ал эми Петро Порошенко болсо 25,3 пайызын алды. Шайлоонун алдын ала расмий жыйынтыктары да болжолдуу ушундай эле сандарды көрсөтүүдө.

Экзит-полл: Зеленский Порошенкону утту
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:29 0:00

Экзит-полл - коомдук уюмдардын шайлоодо элдин кимге добуш бергенин сурамжылоо аркылуу жүргүзгөн алдын-ала жыйынтыгы.

Аны Украинадагы Демократиялык демилге фонду, Киев эл аралык социологиялык институту жана Разумков борбору биргелешип жасады.

Ал эми шайлоонун алдын-ала расмий жыйынтыктары алдыдагы сааттарда маалым боло баштайт.

Ички иштер министрлиги шайлоодо 1245 мыйзам бузууну каттаган, анын ичинен 17 факты боюнча кылмыш иши козголду. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзам бузуу шайлоонун жыйынтыгына таасир этпей турганын кабарлады.

21-апрелдеги шайлоого 82 миң жергиликтүү жана 2,5 миң эл аралык байкоочу көз салды.

Ал эми алдын ала эсеп боюнча катталган шайлоочулардын 62,26 пайызы добуш берди.

2014-жылдагы президенттик шайлоодо 59,48 эл келген.

"Настоящее время" телеканалы Украинадагы шайлоону түз алып көрсөттү:

Зеленский: Орусиядан туткундарды кайтарам

Бирдиктүү улуттук экзит-поллдун жыйынтыгы боюнча президенттик шайлоодо алдыга чыккан талапкер Владимир Зеленский дароо шайлоо штабында сүйлөп, аны колдогондорго ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал постсоветтик өлкөлөргө кайрылып:

- Мен азырынча расмий президент эмесмин, ошондуктан азыр бардык постсоветтик өлкөлөргө украин жараны катары айтаарым: бизди карагылачы - баарын жасаса болот, - деди.

Андан кийин өткөргөн басма сөз жыйынында Зеленский президент Порошенко чалып куттуктаганын айтты:

- Мен Украинанын президенти Петр Алексеевич Порошенкого абдан ыраазымын. Азыр эле ал мени куттуктап, анын жардамына таянсам болоорун айтты. Ал менин жана менин командамдын жеңишин тааныды.

Ошондой эле Зеленский Орусияда камакта жаткан бардык украин жарандарын, аскер туткундарын, анын ичинде былтыр Кара деңизде орус чек арачылары кармап кеткен моряктарды да бошотуу анын биринчи максаты болорун билдирди.

- Кандай гана болбосун биз Норманд форматы менен аракеттенебиз, Минск келишимин улантабыз. Биз аны кайра иштеп чыгабыз. Менимче, бизде кадрдык өзгөрүүлөр болот. Биринчи милдет - биздин бардык камактагыларды, аскер туткундарды, моряктарды кайрып келүү. Бул биздин номур биринчи максатыбыз.

Порошенконун эгер көмөгү керек болсо ага жардам берүүгө даяр экендиги тууралуу билдирүүсүн "командам чечет" деп жооп берди.

Петро Порошенко: Мен саясаттан кетпейм

Бирдиктүү улуттук экзит-поллдун жыйынтыгы боюнча президенттик шайлоодо утулганы маалым болгон Украинанын азыркы мамлекет башчысы Петро Порошенко саясатта кала турганын билдирди.

Ал добушканалар жабылгандан кийинки басма сөз жыйынын Уинстон Черчиллдин «Эч качан багынба!» деген сөзү менен баштады:

- Мен президенттиктен кетем, бирок мен саясаттан кетпейм. Мен саясатта калам жана Украина үчүн күрөшөм. Эмне үчүн экенин түшүндүрө кетейин. Анткени мен украин эли менен баарыбыз татаал шартта кабыл алган тандоону коргоого милдеттүүмүн. Биз европалык жана евроатлантикалык стратегияны, анын принциптерин, максаттарын, биз акыркы беш жылдагы жетишкендиктерди коргоого милдеттүүбүз. Бирок тилекке каршы, алар азыр коркунучка кептелди.

“Жаңы президентте өтө күчтүү оппозиция болот. Бирок биз жаңы президентке Украинанын улуттук кызыкчылыгын коргогон бардык маселеде жөлөк болууга даярбыз”, - деп кошумчалаган Порошенко шайлоо таза өткөнүн да кошумчалады.

53 жаштагы Петр Порошенко экинчи президенттик мөөнөткө ат салышты. Ал шайлоо кампаниясында өзүн күчтүү кол башчы, Орусияга татыктуу каршылык көрсөтө алган лидер катары сыпаттап келди.

Бул - 2014-жылдагы Майдан окуялары деген ат менен белгилүү элдик толкундоолордун натыйжасында ошол кездеги президент Виктор Януковичтин бийлиги кулап, андан көп өтпөй Орусия Крымды аннекциялап алган окуялардан кийинки экинчи президенттик шайлоо.

Добуш берүү Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралында жана орусиячыл козголоңчулардын карамагындагы Донецк жана Луганск облустарында дээрлик өткөрүлгөн жок.

Президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 31-мартта өтүп, азыркы президент Петро Порошенко менен актёр Владимир Зеленский 39 талапкердин ичинен суурулуп чыгышкан. Анда Порошенко 16, Зеленский 30 пайыздай добуш алган.

Зеленскийдин таржымалы

41 жаштагы актер жана куудул Владимир Зеленский мамлекеттик кызматта иштеген эмес. 2014-жылы Европага бет алган тарапты колдоп, жарандык позициясын да билдирген. Шайлоо өнөктүгү учурунда өзүн жаңы муундун өкүлү, келечектеги карапайым президент катары көрсөтүүгө аракеттенди. ​

Актер жана куудул Владимир Зеленский «95-квартал» деп аталган стендаптын негиздөөчүсү жана башка бир катар телесериалдардын продюсери катары белгилүү. Ал "Эл кызматчысы" же "Слуга народа" сериалында катардагы мугалимден президенттикке чейин жеткен башкы каармандын образын жаратып келет.

Атасы, техника илимдеринин доктору, Александр Зеленскийдин ишине байланыштуу анын балалыгы Монголиянын Эрденет шаарында өткөн. Ал мектептин биринчи классын аяктаганда гана үй-бүлөсү менен Украинага көчүп барышкан.

Зеленский мектептин жогорку класстарында окуп жүргөндө эле маданий иш-чаралардын баарына катышып, жергиликтүү КВН командаларда ойноп келген. Чыгармачылыгын университетте да уланткан. Ал Киев Улуттук экономика университетинин юридикалык факультетин аяктаган. 1998-жылы достору менен бирге "95-квартал" деген студия жана ушундай эле аталыштагы КВН команда түзүшкөн. Аталган команданын курамында алар КВНдин Жогорку Лигасынын жарым финалына чейин жетишкен. Зеленский Орусияда бир катар телешоуларды да алып барган.

Көп адамдар Зеленскийдин артында президент Петро Порошенконун каршылашы, олигарх Игорь Коломойский турат деп эсептешет. Коломойский "Эл кызматчысы" сериалын көрсөткөн "1+1" телеканалынын ээси. Бирок олигарх да, Зеленский өзү да мындай дооматтарды четке кагышууда.

Жакында эле "Эркин Европа/Азаттык" радиосу жүргүзгөн иликтөөдө Зеленский Орусиядагы ишмердүүлүгүн 2014-жылы эле токтотконун ырастаганына карабастан, ушул күнгө чейин орусиялык үч кино жана телекомпания менен кызматташарын аныктаган. Шайлоого саналуу күн калганда журналисттер анын декларацияда көрсөтүлбөгөн, дээрлик 4 миллион долларга бааланган Италиядагы вилласын таап чыгышкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG