Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:25

Венесуэла: Улуттук гвардиянын жоокерлери оппозицияга өттү


Оппозицияга өтүп кеткен Улуттук гвардиянын жоокерлери. Каракас. 30-апрель, 2019-жыл.
Оппозицияга өтүп кеткен Улуттук гвардиянын жоокерлери. Каракас. 30-апрель, 2019-жыл.

Венесуэланын борбору Каракаста 30-апрелдин таңынан бери оппозицияга өтүп кеткен аскерлер менен өкмөттүк күчтөр маал-маалы менен кагылышканы кабарланды.

Негизинен эки тарап тең көздөн жаш агызуучу газ, бөтөлкө жана таш колдонуп жатканы маалымдалууда. Ошол эле кезде шаардын ар кайсы райондорунан атышуу болуп жатканы тууралуу маалыматтар келип түшүп жатат. Оппозиция лидери Хуан Гуайдо шейшембиде президент Николас Мадуро менен анын өкмөтүн бийликтен кулатууга багытталган «Эркиндик» операциясынын акыркы баскычы башталаарын жарыялаган. Гуайдо 1-майда бийликке нааразы болгон тарапкерлерин тынчтык акцияларына чыгууга чакырган.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 30-апрелде Венесуэланын президенти Николас Мадуров эртең менен Кубага чыгып кетүүгө камынганын, бирок Орусия аны токтотуп калганын айтты.

Маалыматтарга караганда, шейшембиде Каракастын чыгышындагы Франсиско Фахардо көчөсүндө өкмөттүк күчтөрдүн чопкутталган автоунаасы оппозициянын тарапкерлерине шаардын борборуна барууга жол берген жок. Катуу ылдамдыктагы автоунаа жардыргыч зат куюлган шишелерди ыргыткан активисттер тобун тебелетип кеткени айтылды. Андан канча адам жабыркаганы, каза болгону тууралуу азырынча маалымат жок.

30-апрелде Каракастын көчөлөрүндө башына, колуна көк тасма байланган аскерлер пайда болду. Алар - оппозициянын катарына өтүп кеткен Улуттук гвардиянын жоокерлери.

Гуайдо шейшембиде таңга маал Каракастын райондорунун биринде жайгашкан «Ла Карлота» аскердик базасынын жанында көтөрүлүшчүлөрдүн алдында сөз сүйлөп, элге да кайрылган. Анын «Эркиндик» деп аталган операциясынын биринчи баскычы 6-апрелде башталган.

Негизи Венесуэлада январдын этегинен бери саясий кризис өкүм сүрүп турат. Парламент оппозициянын көзөмөлүндө. Хуан Гуайдо Мадуронун бийлигин «легитимсиз» деп эсептеп, өзүн өлкөнүн президенти катары жарыялаган. Аны 50дөн ашуун мамлекет, анын ичинде АКШ, Батыш, Бразилия жана Латын Америкадагы көптөгөн өлкөлөр «утурумдук президент» катары тааныган. Бирок Орусия, Кытай жана Куба колдоп, аскердик жана каржылык жардам көрсөтүп жаткан президент Николас Мадуро мамлекеттик органдарды башкарып келген.

XS
SM
MD
LG