Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:29

Жогорку Кеңеш Кызыл-Омполдогу уран кени боюнча маселени талкуулайт


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

2-майдагы жыйынында парламент депутаттары Кыргызстан калкынын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу чаралары жана Кызыл-Омпол уран кенинин айланасындагы маселелер жөнүндө өкмөттүн маалыматын угат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Кызыл-Омпол кенинде уран чалгындоого каршы нааразылык акциялары бир нече күндөн бери уланып жатат. Бишкекте, Балыкчыда катар-катар митингдер өттү. 22-апрелде кендин иши убактылуу токтотулган.

25-апрелде эл менен жолугушууда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов аталган кен боюнча «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясына берилген лицензия кайтарып алынып, кенди иштетүүгө тыюу салынганын айткан. Андан бери өкмөт да, аталган компания да кенди чалгындоо толук токтотулганын ырастай элек.

Бул арада Кыргызстандын аймактарында уран чалгындоого берилген лицензиялардын саны 20га жакын экени такталды. (ErN)

XS
SM
MD
LG