Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Таякеси машинеге байлап сүйрөткөн баланын апасы Орусиядан келди


Жабыркаган бала апасынын кучагында. 2-май, 2019-жыл.
Жабыркаган бала апасынын кучагында. 2-май, 2019-жыл.

Бишкекте таякесинен жабыркаганы кабарланган баланын апасы Орусиядан келди. Ал баласы менен ооруканадан жолукканын Балдардын укугун коргоочулар лигасы кабарлап, сүрөтүн таратты. Сүрөттөн апасын мыкчып кучактаган баланын колдорун көрүүгө болот.

Жакында Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде өспүрүм баланы жакын тууганы машинеге байлап сүйрөгөн, сабаган окуя катталган.

Жабыркаган бала.
Жабыркаган бала.

Учурда өспүрүм ооруканада. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда кылмышка шектүү соттун чечими менен камактан тилкат аркылуу бошотулду.

Милициянын айтымында, зордук-зомбулук көргөн балдардын көпчүлүгүн учурда ата-энеси Орусияга же башка өлкөлөргө иштегени кеткендер түзүп жатат. Буга байланыштуу ошондой ата-энелердин жоопкерчилигин кароо сунуштары айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG