Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:04

Кыргызстанда бажы мыйзамдарын бузуу фактылары көбөйдү


Кыргызстан менен Казакстандын чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.

2019-жылдын башынан апрель айынын аягына чейин Мамлекеттик бажы кызматынын аткезчиликке каршы күрөш башкармалыгынын кызматкерлери 341 бажылык мыйзам бузуу фактысын аныктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Мунун 256сы Тартип бузуунун бирдиктүү реестрине катталып, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 18 фактыга көп чыкты. Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 86 факт киргизилип, былтыркыга караганда 14 фактыга арбыды.

Жылдын биринчи кварталындагы мыйзам жана эреже бузуу фактыларынан жалпысынан 53 миллион өндүрүлдү. Буга бюджет тарткан зыяндын ордун толтуруу жана айыппул кирет.

Мамлекеттик бажы кызматынын тиешелүү бөлүмдөрү 2018-жылы 1 миң 601 мыйзам жана эреже бузуу фактыларын аныктаса, анын 240ы укук коргоо органдарына өткөрүп берилген. (ErN)

XS
SM
MD
LG