Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:59

Кабулда «Лоя жырганын» курултайы жыйынтыкталууда


«Лоя жырга», Кабул. 2-май, 2019-жыл.
«Лоя жырга», Кабул. 2-май, 2019-жыл.

Ооганстандын «Лоя жырга» деген ат менен белгилүү жалпы элдик курултайы бүгүн, 3-майда жыйынтыкталганы турат. Төрт күнгө созулган бул жыйын 3200дөй уруу аксакалдарынын, диний аалымдардын, саясатчылар менен атактуу ооган жарандарынын башын бириктирди.

«Associated Press» агенттиги (AP) кабарлагандай, «Лоя жырганын» улук кеңеши өкмөт менен «Талибан» кыймылынын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн айрым сунуштарды макулдашты. Мындан тышкары аталган кеңеш Бириккен Улуттар Уюмун (БУУ) «Талибанды» глобалдык террордук уюмдардын тизмесинен чыгарууга чакырганы жатат.

Курултайдын айрым катышуучулары талибдер ооган өкмөтү менен тынчык келишимин түзүүгө дилгир экенин көрсөткүсү келсе, өлкөдө ок атышууну дароо токтотушу зарыл экенин айтышты.

«Лоя жырганын» бул жолку жыйынына айрым саясатчылар бойкот жарыялашкан. Мисалы, Ооганстандын аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла улуттук жыйынды уюштуруу боюнча чечим кабыл алуу жараянына чакырылбаганы үчүн «Лоя жыргага» катышпай турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG